Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Кеңешмеде Мамлекет башчысына Президенттин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн эксперттик коомчулук менен биргеликте 2013-2017-жылдарга карата Стратегиянын ишке ашырылганын эске алуу менен Стратегиянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча аткарып жаткан жумуш тууралуу маалымат берилди.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 20-январына чейин Стратегиянын акыркы варианты туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеште 2018-жылдын февраль айынын аягына чейин кабыл алыныш керектигин эске алуу менен 2018-жылдын 20-январына чейин анын кароосуна киргизилиши керек деген тапшырма берди.
Эскерте кетсек, Стратегиянын долбоору 2017-жылдын 15-ноябрында Алмазбек Атамбаевдинтөрагалыгы астында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда негиз катары кабыл алынган, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ