Menu

Кыргызстанда мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, жактырды. Анда мектептердеги окуу мөөнөтүн жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү жагы сунушталууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев бул норма менчик мектептерге да тишелүү, – дейт. Бул туурасында Жогорку кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Парламенттик телеканалды түзүү маселеси боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун сунушу да бул жолку олтурумдун күн тартибинде каралып, комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейиндеги мумияланган аял кишинин сөөгүн жерге берген маселени изилдөө боюнча комитеттин жумушчу тобунун ортолук маалыматы да кызуу талкууну жаратты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: