12-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек ШИИББдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарынын 1971-жылы туулган С.Н. аттуу жашоочусу кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда сумкасынан 16-калибрдеги кесилген ок атуучу курал жана 16-калибрдеги 2 даана ок табылган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Алынган ок атуучу курал менен ок баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн.
Кармалган жаранга карата Биринчи май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ