Menu

83 жаштагы кемпирди сабап, акчасын тоноп кеткен 39 жаштагы аял кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө европа улутундагы болжол менен 80-85 жаштардагы аял киши денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага барышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 83 жаштагы жашоочусу К.В. экендиги аныкталган. Териштирүү учурунда, жабырлануучу окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берген: 15-декабрь күнү болжол менен 15:30 чамаларында 83 жаштагы К.В. аттуунун үйүнө бейтааныш эки аял киришип, күч колдонуу менен акча талап кылышып, катуу нерсе менен баш тарабына чаап, акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш-иши козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, мурда бир нече жолу соттолгон Кант шаарынын 39 жаштагы тургуну Д.Ф. аттуу аял кармалып, Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кылмышка шектүү экинчи аялды кармоо үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: