Menu

Казакстан сенатынын спикери: Азырынча гезиттерде апострофторду колдонууга эрте

Бөлүшүү:

Азырынча латын арибиндеги жаңы казак алфавитинин айрым тамгаларын түшүндүрүү үчүн апострофторду колдонууга эрте. Бул тууралуу 19-декабрда Казакстан парламентинин сенатынын спикери Касым-Жомарт Токаев Twitter баракчасына жазды.

“Улуттук комиссия казак тилин латын арибине өткөрүү боюнча акыркы чечим кабыл ала элек. Ошондуктан апострофторду гезиттерде жана башка жерлерде пайдаланууга азырынча эрте”, – деп жазды Токаев.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен быйыл алфавиттин жаңы варианты бекитилген. Бирок анда айрым тамгаларды түшүндүрүү үчүн апострофтордун көптүгүнө байланыштуу адистер менен коомчулук нааразылык билдирип чыгышкан.

Кийинчерээк алфавиттин жаңы вариантынын үстүнөн иштеген адистер бул акыркы версиясы эмес экенин билдиришкен. Бирок айрым ММКлар белгилешкендей, бир катар гезиттер латын арибинде жазып көрүшкөн болсо, аймактардагы кээ бир мамлекеттик мекемелер имараттарынын кире беришиндеги жазууларды жаңы алфавиттеги тексттерге алмаштырууга жетишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: