Menu

Фарид Ниязов КР гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди гимндин кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Фарид Ниязов Мамлекет башчысыСооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Фарид Ниязов  Президенттин атынан Шабданбек Кулуевди бул маараке  менен куттуктап, анын мамлекеттин тарыхына кошкон салымын белгиледи.

“Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бирин өлкөнүн гимни кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо мен үчүн чоң сыймык. Биз гимнибиз менен сыймыктанабыз,  урматтайбыз жана жакшы көрөбүз, ал ар бир кыргызстандыктын сезимин козгойт. Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, -деди Аппарат Жетекчиси.

Гимндин автору Шабданбек Кулуев  көңүл буруп, куттуктагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Коомдук ишмер Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү, тынчтык жана туруктуулук, өлкөнүн жарандарына бакыт-таалай жана жакшылыктарды каалады. “ Кыргызстанда эл аралык аренада жеңишке жетишип, бизди кубандырган таланттуу адамдар көп болсун, биздин желек тез-тез көтөрүлүп,  сүйүктүү гимнибиз жаңырып турсун”, -деди Шабданбек Кулуев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: