29-ноябрь күнүнөн 9-декабрга чейин Бишкек шаарында “Коомдук тартип” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө соода-түйүн комплекстери, компьютердик клубдар, кафе, Ош базарынын аймагы жана башка жайлар текшерилди. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чара учурунда кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 10 күндүн ичинде 106 жай текшерилген.
Жалпысынан укук бузуулар боюнча 253 административдик протоколдор түзүлгөн. Милиция кызматкерлери ар кандай укук бузууларга тиешеси бар 86 адамды райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алып келишип, тиешелүү чаралар көрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ