16-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү жаш кыз көпүрөдөн секирип, ооруканага түштү. Маалым болгондой, окуя күндүзгү саат экилер чамасында болгон. Жанын кыюуга аракет жасаган кыз 1991-жылы туулган. Ал көпүрөдөн кулаган соң дароо ооруканага жеткирилип, ак халатчандардын көзөмөлүнө алынган. Учурда абалы анча жакшы эместиги белгилүү болду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ