Menu

Трамп: АКШ Орусия жана Кытай менен «улуу өнөктөштүккө» аракет кылат

Бөлүшүү:

Президент Дональд Трамп АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясын жарыялады. Анда Кытай менен Орусияга карата өлкөнүн катуу позициясы белгиленген. Бирок Трамп Вашингтон өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо менен эки дүйнөлүк держава менен «улуу өнөктөштүккө» аракет кыларын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча АКШнын жаңы стратегиясында Кытай менен Орусия «Американын коопсуздугун жана өнүгүүсүн кыйратуу менен Кошмо Штаттардын бийлигине чакырык таштап жатканы» белгиленген. Трамп улуттук коопсуздукту камсыздоонун башкы шарты экономикалык гүлдөп өнүгүү экенин белгиледи.

«Биз жарыштын жаны дооруна кадам таштап жатабыз. Чек арасыз мамлекет бул мамлекет эмес. Согушта жеңишке жете алабаган мамлекет, өзүн коргоого да кудуретсиз. Америка кайрадан оюнда жана анда жеңишке жетүү ниетинде», — деди Трамп.

Президент ошондой эле Ирак менен Сирияда «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөш жүргүзүп жаткан АКШ башында турган коалицияга жогорку баасын берди. Ал экстремизмге каршы күрөштө Пакистан чечкиндүүрөөк болушу керектигин айтты.

Орусия ТИМинен Вашингтондун Москваны АКШнын каршылаштарынын катарына кошуу аракетин тынчсыздануу менен кабыл алгандыктарын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: