Menu

Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жиберилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлердин маселеси каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун маалыматына ылайык, кароого тогуз жарандын талапкерлдиги келип түшкөн Алар: Тилектеш Бегалиев, Айбек Монолов, Назира Сопубекова (Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы сунуштаган), Алтынбек Кубатбеков (“Республика-Ата Журт” фракциясы сунуштаган), Гүлжан Кошокова (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы сунуштаган), Алмаз Калбаев(“Ата Мекен” фракциясы сунуштаган).

Ал эми Судьялар кеңеши тарабынан Шералы Камчыбеков, Элмира Барктабасова жана Ирина Горшкова көрсөтүлгөн.

Талкуунун жыйынтыгында аталган талапкерлердин баарын Жогорку Кеңештин каросуна сунуштоо чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: