Menu

Өкмөт «КРдеги мамлекетик жөлөкпулдар жөнүндө» КР Мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштоодо

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирүүчү аталган Мыйзамдын, бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү «балага сүйүнчү» төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу сунушталууда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

2017-жылдын 28-июлундагы № 163 «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.

Мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча, 3-16 жашка чейинки үч, же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөкпул алат, бул учурда жөлөкпул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт.

Буга байланыштуу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча Мыйзам күчүнө кирген соң, 2018-жылы 30 миң бала жашаган 16 миңге жакын үй-бүлө жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылат. Белгилей кетүүчү нерсе, жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылган балдар негизинен үч жаштан улуу бир, же эки балалуу, жанга карата жыйынтык кирешеси 900 сомдон төмөн болгон аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашайт.

Кабыл алынган Мыйзам тууралуу кошумча белгилесек, бардык үй-бүлөлөр бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү жөлөкпул алат.

КР Өкмөтү белгилегендей, аталган Мыйзам актуалдуу жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, учур талабына жооп берет. Мыйзам малекеттик жөлөкпул тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет, анткени анын ченемдерин ишке ашыруу бирдиктүү терезе принциптерин пайдалануу менен дайындоо процедураларын электрондук форматка которуу мүмкүндүгүн берет, бул өз кезегинде жарандардын жөлөкпул алуу механизмин жөнөкөйлөштүрүп, тейлөөнүн ачыктыгын камсыздайт.

Мыйзамдын аткарылышын үч айга жылдырууда Өкмөткө кошумча консультацияларды өткөрүүгө жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекетик жөлөкпулдар жөнүндө» КР жаңы мыйзамынын демилгечилери – КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик жөлөкпулдарды камсыздоо тутумунун даректүүлүгүн өркүндөтүү максатында жумушчу топту түзүүнү демилгелөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт мамлекеттик жөлөкпулдардын максаты аз камсыз болгон жарандарды колдоодо экендигин белгилөө маанилүү деп билет. Аталган факторду эске алуу менен мамлекеттик колдоону башкаруу жаатындагы чечимдерди кабыл алууда жөлөкпулдардын даректүүлүгү маанилүү роль ойнойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: