Menu

Ок атуучу куралдарды, окторду мыйзамсыз сактаган жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Республика аймагында жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, окторду аныктоо боюнча атайын иш-чаралар жүрүп жатат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушунун негизинде Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери 14-декабрь күнү соттун чечими менен Тээке айылынын 1963-жылы туулган Б.О. аттуу жашоочусунун үйүн текшеришкен. Натыйжада шектүүнүн үйүнөн 1951-жылы чыккан “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү 5,6-калибрдеги сайлуу ок атуучу курал табылган.

Ошондой эле, Ат-Башы РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде Ат-Башы айылынын 1997-жылы туулган Р.Т. аттуу жашоочусу жанына “ИЖ-18” үлгүсүндөгү 20-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралын Бирлик айылында алып жүргөн жеринен кармалган.

14-декабрь күнү Свердлов РИИБнин кызматкерлери соттун чечими менен Чүй облусунун Люксембург айылынын 1987-жылы туулган А.Б. аттуу тургундун үйүн текшерүүгө алган учурунда “ПМ” үлгүсүндөгү тапанчанын 1 даана кутучасы жана 8 даана огу табылып алынган.

Манас районунун аймагынан милиция кызматкерлери Чоң-Кара-Буура айылынын 1972-жылы туулган А.С. аттуу жашоочусун текшерүү учурунда “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы 9 даана огу менен табылган. Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде жергиликтүү  тургундардан “Байкал” үлгүсүндөгү 7,62-калибрдеги, “ОПС КС” үлгүсүндөгү 7,362-калибрдеги, “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү, жасалма “ИЖ-17” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана 11 даана 7,62-калибрдеги, 1 даана 5,45-калибрдеги октор табылган.

Ал эми, 15-декабрь күнү Ноокен райондук милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар “ИЖ-18” үлгүсүндөгү 20-калибрдеги сайлуу ок атуучу куралы менен 1950-жылы чыккан “КО” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарын өз ыктыярлары менен тапшырышкан.

Алынган ок атуучу куралдар баллистикалык экпертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: