Menu

Ашхабадда көчө тазалоочуларды түнкүсүн иштетишүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Коммуналдык чарба министрлигинин  тазалык  кызматкерлерин түнү менен иштөөгө мажбурлашууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагынын кабарлашынча, Ашхабаддын борбордук көчөлөрүн тазалоо –15-ноябрдан тарта түнкү график боюнча 22:00дө башталып, эртең менен 7:00дө аягына чыгат.

“Күн суук болгонуна карабай, 9 сааттан ашык убакыт көчөдө жүрүүгө арагасыз болуудабыз. Бизге 30 мүнөттүк тыныгуу беришүүдө, бирок жылына турган жай жок. Түнү бою үшүп эшикте жүрөбүз. Тазалык кызматкерлеринин дээрлик баардыгы аялдар. Түнкүсүн 40тан ашуун киши ишке чыгууда”, – деди атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы Коммуналдык чарба миинстрлигине кайрылып, бирок бул боюнча комментарий ала алган жок.

Ашхабаддын тазалыгына жооп берген кызматкерлердин айлыгы 800-900 манатты (228-257 АКШ доллары) түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: