Menu

Сапар Исаков: «Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү болуусу керек»

Бөлүшүү:

«Коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү катары актуалдуу маселелерди, анын катарында коррупцияга каршы күрөш маселесин чечүүдө көмөк көрсөтүүсү зарыл», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин ар жылкы конференциясынын ачылышында. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы белгилегендей, жарандык коомдун өнүгүүсү административдик процесстерди жана процедураларды автоматташтыруу аркылуу адамдык фактордун таасирин төмөндөтүү жолу менен мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюуга, ошондой эле санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө багытталган «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасы менен тыгыз байланышта.

«Өкмөт бүгүнкү жыйынга өзгөчө маани берет, анын жүрүшүндө коомдук кеңештердин ишин өркүндөтүүнүн, коомдук кеңештин ишинин жагымдуулугун жогорулатуунун жана коомдук кеңеш мүчөлөрүнүн, аларга колдон келген көмөктү көрсөтүүсү тийиш болгон мамлекеттик орган жетекчилери менен өз-ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик органдар жана коомдук кеңештер ырааттуу иш алып барып, конструктивдүү өнөктөр катары жарандардын жашоосун жакшыртууда натыйжалуу чечимдерди табуусу тийиш.
«Коомдук кеңештердин иши кимдир-бирөөлөрдүн, же айрым жарандардын кызыкчылыгын, жеке амбицияларды канагаттандыруу үчүн эмес, ачык-айкын жүргүзүлүшү керек», – деди Сапар Исаков.

Анын айтымында, коомдук кеңештер мамлекеттик орган жетекчилеринин тең укуктуу өнөктөрү катары актуалдуу маселелерди, анын катарында коррупцияга каршы күрөш маселесин чечүүдө көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Өкмөт башчы коомдук кеңеш мүчөлөрүнүн көңүлүн Өкмөт ачык баарлашууга жана биргелешкен күч-аракет аркылуу коомдук кеңештердин ишиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө даяр экендигине бурду.

«Ар-бирибиз түшүнүүбүз керек, бардыгыбыздын жалпы максатыбыз бар – бул ар-бир жарандын укугу мамлекет тарабынан максималдуу түрдө корголо турган демократиялык, светтик, гүлдөгөн мамлекетти куруу», – деп жыйынтыктады сөзүн Сапар Исаков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин ар жылкы конференциясынын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери, коомдук кеңештердин, дипломатиялык корпустун жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: