Menu

Стокгольмдогу теракт боюнча тергөө аягына чыкты

Бөлүшүү:

Швеция полициясы Стокгольмдогу теракт боюнча тергөө ишин аягына чыгарды. Апрелде болгон чабуул үчүн өзбекстандык Рахмат Акилов шектелүүдө. Бул тууралуу дүйшөмбүдө TV 4 телеканалы прокурор  Ханс Ирманга шилтеме жасап билдирди.

«Алдын ала тергөө аяктады, материалдар адвокатка берилди», – деди прокурор Ирман. Анын айтымында, сот 2018-жылдын февралында өтөт.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Сурак учурунда ал жасаган ишине канааттанганын, өз каалоосуна жеткенин билдирген.

Рахмат Акилов чабуул жасагандан кийин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы тарапташтарына кат жазууга үлгүргөн. Катта ал теракт учурунда аз киши өлгөнүнө өкүнүп жатканын билдирген.

Швед полициясы маалымдагандай, Рахмат Акилов Швецияга 2014-жылы келип, саясий башпаанек сураган, бирок жергиликтүү миграциялык бийлик өтүнүчтү канааттандырган эмес. 2016-жылы 16-декабрда Акиловго өлкөдөн өз эрки менен чыгып кетүүгө төрт апталык мөөнөт берилген. Мындан соң ал из жашырып, миграциялык кызмат анын ишин полицияга өткөргөн.

Кийинчерээк өзбек бийлиги Рахмат Алиев коркунуч жаратышы мүмкүн экени тууралуу батыш өлкөлөрүн кабардар кылганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: