Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет берилет. Бул тууралуу бүгүн, премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча тузүлгөн комиссиянын жыйынында айтты. Бул тууралуу: «Бүгүнкү күнү тартип бузган айдоочуларга протокол кагаз жүзүндө толтурулуп келет. Эми планшет аркылуу системалык негизде толтурууга өтөт. Каражат бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Бул система эрежени бузган айдоочунун идентификациялык номурун сактап калат. Мында акча берип соодалашууга дагы болбойт. Маалымат дароо борбордук серверге келип түшөт. Ал үчүн планшеттер комплекстүү даярдалат», – деп билдирди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ