Menu

Ош облусунда мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 12-декабрь күнү Чоң-Алай РИИБне Жар-Башы айылынын 1986-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, короосунан 1 баш бодо малы уурдалгандыгын билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмыш ишине шектүү катары ушул эле айылдын 1981-жылы туулган К.К. аттуу тургуну кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Шамалды-Терек айылынын тургундары Өзгөн райондук милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылышкан. Себеби, короолорунан 4 баш малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Бул кылмыш иши боюнча милиция тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжасында 20 жаштагы М.М. аттуу Ноокат районунун, 23 жаштагы Ж.Б., аттуу Өзгөн районунун, 20 жаштагы Н.Н. аттуу Ош шаарынын жашоочулары кармалышкан.

Ал эми, Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, мал уурдоого шектүү катары Савай айылынын 61 жаштагы А.А. аттуу жашоочусун кармашкан. Анткени шектүү 15-декабрга караган түнү Б.Б. аттуу жергиликтүү тургундун үйүнөн 1 баш бодо малын уурдап кеткен.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголуп, кармалган жарандар милициянын бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларына камалышкан.

Учурда кармалган жарандар башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: