Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери шаардагы мечиттерди ар тараптан көзөмөлгө алуу максатында атайын текшерүү ишин уюштурду. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү алдын ала кабар берилбестен өткөрүлүп, мечиттин тазалыгына жана кышка даярдыгына басым жасалды. Казыяттын курулуш бөлүмүнүн адиси Уланбек каары Курманбаевдин айтымында мечиттердин тазалыгын, жылуулугун колдон келишинче жасашкан. Бирок кемчиликтер дагы бар экендигин билдирди. Ал эми тазалыгы талапка жооп бербеген мечиттерге жеринде эскертүүлөр берилип, кийинки текшерүүгө чейин кемчиликтерди жоюу талабы коюлду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ