Menu

Сот Карганбек Самаковду 10 жылга, уулу Кубанычбек Самаковду 8 жылга эркинен ажыратты

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-декабрдын түнүндө Бишкектин Октябрь райондук соту экс-депутат Карганбек Самаковду 10 жылга, анын уулу Кубанычбек Самаковду 8 жылга эркинен ажыратып, жазаларын катаал тартиптеги түрмөдө өткөрүүгө өкүм чыгарды.

Алар менен бир эле кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Аликбай Сариев, Абай Таштанбеков, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдор да 8 жылдан эркинен ажыратылып, катаал тартиптеги түрмөгө кесилди, үй-мүлктөрү конфискациялануу боюнча өкүм угузулду.

Карганбек Самаковго эки мунапыс пайдаланылып, жаза мөөнөтү үчтөн экиге кыскарды. Ал эми Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Абай Таштанбеков, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдорго да эки мунапыс пайдаланылып, түрмөдө олтуруу мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарды.

Бул кылмыш иши боюнча издөө жарыяланган Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевдер 10 жылдан абакка кесилди.

Экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен экс-вице-премьер Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айыппул төлөө өкүмү чыкты.

Эсиңиздерге сала кетсек, бийлик Карганбек Самаков жана анын уулу Кубанычбек баштаган топ 2008-жылы Бишкектин четиндеги Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөтөрүндөгү айыл чарба жерлерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөн деп айыптады.

Ал эми ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудинов, вице-премьер Искендербек Айдаралиев жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоев айыл чарба жерлерин жеке менчикке өткөрүү боюнча мыйзамсыз токтомдорго кол коюшкан деп айыптаган.

Баарынан кызыгы, буларды жазалаган бийликтин айлана-чөйрөсү да акыркы 6-7 жылда Бишкектин тегерегиндеги айылдардан көптөгөн айыл чарбага жарактуу жерлерди жеке менчикке өткөрүп алышты. Кыязы бизди эч ким жазалай албайт деген бекем ишеним бар окшойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: