Menu

Түркмөнстанда президенттин китеби боюнча тасма тартылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашогуз шаарында өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун китеби боюнча фильм тартылууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, көркөм тасманы жаратууга жергиликтүү бюджеттик уюмдардын кызматкерлери жардам беришүүдө.

“Түркмөнстан – Улуу Жибек жолунун жүрөгү” аттуу кинофильмди тартуу иштери эки апта мурун башталган.

Жергиликтүү бийлик тасма тартууга көмөктөшүүгө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап жатканы айтылууда. “Кишилер суукта күн бою көчөдө жүрүшөт, айрым учурда декорация менен камсыздап, тасма тартылуучу жерлерди тазалоо үчүн бир нече чакырым узак жерлерге барышууда”, – деди маданият ишмерлеринин бири.

Маалыматтарга караганда, бюджеттик ишканалардын кызматкерлери жүздөн ашуун боз үй тигишип, 50дөй төөнү жасалгалап, кар күрөп, тазалык иштерине жооп беришүүдө.

Фильм өлкөнүн тарыхый жайларында тартылууда. Мектеп мугалимдеринин биринин айтымында, жол чыгымдарын өзүлөрү көтөрүшүүдө. Тасма тартууга жардам берүүдөн баш тарткандарды жазалоо, атүгүл жумуштан бошотуу каралган. Өзүнүн ордуна башка бирөөлөрдү жалдап иштетүүнүн бир күндүк наркы – 40 манат (11,3 АКШ доллары) турат.

Гурбангулы Бердымухамедовдун “Түркмөнстан – Улуу Жибек жолунун жүрөгү” китебинин бет ачары октябрда болгон.

Түркмөн лидери 2017-жылы эле 7 китеп чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: