Menu

Москва Душанбеге аскердик техникаларды берди

Бөлүшүү:

Орусия Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө кезектеги аскердик-техникалык жабдууларды берди.

Тажикстандын Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, курал-жарактарды берүү аземи 19-декабрда Вахдат шаарындагы аскер бөлүктө өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги Т-72Б1, БТР-80 жана БТР-70, БМП-2 танкаларын, Ми-24 менен Ми-8 тик учактарын, зениттик түзүмдөрдү, брондолгон техникалардын тетиктерин, топографиялык жабдууларды жана ок атуучу курал-жарактарды жөнөткөн.

Аскер техникалары тажик-ооган чек арасындагы террордук коркунучтарга каршы турууга багытталган жана кайтарымсыз негизде берилүүдө.

Орус эксперттери белгилегендей, Орусия 2012-жылы Тажикстанга тик учактарды берүү боюнча келишимге кол койгон. Москва орус аскер базалары жайгашкан Тажикстан менен Кыргызстандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө үчүн 70 миллиард доллар бөлүүгө милдеттенме алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: