Menu

Жогорку Кеңеште бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын астындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Жыйындын күн тартибине “КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу маселе коюлган. Андан тышкары, жөнгө салуу саясатын аныктоодогу кырдаалдар жана бул жааттагы реформалардын натыйжалуулугун арттыруу менен баалоодо легитимдүү жабдууларды колдонуу көйгөйлөрү талкууга алынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов  тарабынан Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндө” токтомунун жүзөгө ашырылышы тууралуу маалымат угулду.

Отурумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бизнестин жана ишкерчиликти колдоого алуу аркылуу, алгылыктуу натыйжаларга ээ болууга болорун белгилеп: “Мыйзам бир орунда тура бербейт. Замандын талабына жараша буга чейин түзүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, пайдалуу сунуштарга басым жасоо зарыл”, – деди.

Мындан сырткары, иш-чаранын катышуучулары мамлекетте ишкердүүлүк жана бизнес тармагын жөнгө салган мыйзамдар бири-бирине каршы келген учурлар арбын экендигине токтолушту. Муну менен катар кээ бир мыйзамдар жалпы эл үчүн эмес бир нече адамдын кызыкчылыктарына иштеп жаткандыгы да айтылды. Алсак, депутат Каныбек Иманалиев бизнести өнүктүрүү үчүн туруктуу экономикалык саясат жана сот акыйкаттыгы зарыл экендигин билдирип: “Кыргызстан Орто Азияда бизнеске шарт түзүү боюнча алдыда турат. Бирок мыйзамды сактоодо артта экендигибизди моюнга алыш шарт”, – деди.

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик казынанын көпчүлүгүн ишкерлер толтуруп жаткандыгын белгилеген Дастанбек Жумабеков, аларга жеңилдиктерди түзүү боюнча сунуштар жана мыйзамдар каралып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган Кеңештин жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жана ошондой эле бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кеңешти Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жетектесе, ал эми анын орун басарлары – Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев жана КР Соода-өнөржай палатасынын президенти Марат Шаршекеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: