Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы 20-декабрда расмий иш сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Аталган расмий иш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёев, Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашев жана Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Н.Исмаилов менен жолугушуулар мерчемделген.
Андан тышкары, делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи Президенти И.Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюу иш чарасына да катышат.
Эске салсак, аталган иш сапар Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Н.Юлдашевдин чакыруусу боюнча уюштурулууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ