Баткен облуснун Лейлек районундагы Булак Башы айылында жергиликтүү айылдагы ишкерлеринин дөмөөрчүлүгү менен заманбап шартары менен мечит курулуп,15-декабрь күнү облус казысы Муса ажы Жолдошовдун катышуусунда ишке берилди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Мечиттин ачылыш аземине дин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл жашоочулары жана коноктор катышы. Ачылыш аземде облус казысы сөз сүйлөп, жалпы жамаатты мечиттин ачылышы менен куттуктады. Андан соң демөөрчүлөргө ыраазычлыктар билдирилип, Куран аяттары жана кутту хадистерден баяндамалар айтылды. Ал эми Лейлек районунун баш имам хатиби Медербек ажы Намазбаевдин айтымында мечиттин курулуш иштерине 2 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Мечиттен сырткары даараткана, өзүнчө бөлмөлөр заманбап шарттары менен курулган.
“Эми бул мечитте жума намазын окууга да уруксат берилди. Ошондой эле мечиттин бардык тиешелүү документтери бүткөн”,–деди Медербек ажы Намазбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ