Menu

Каракол шаардык сотунун иши менен болочок юристтер таанышышты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 15-декабрында Каракол шаардык соту студенттерге ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик юридикалык Академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 1-2-3-курстарынын студенттеринен түзүлгөн илимий-практикалык ийриминин катышуучулары шаардык соттун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул туурасында Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы билдирди.

Шаардык соттун төрагасы Самар Ниязалиев студенттерге экскурсия уюштуруп, соттун иш процесси менен тааныштырды. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер соттун кабылдамасында, төраганын кабинетинде, мыйзам менен тил табыша албаган балдар үчүн атайын ачылган бөлмөлөрдө, сот отурумдарынын залдарында, судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин кабинеттеринде  болушуп, соттун канцеляриясынын иш жүргүзүү процесси менен таанышышты.Ошондой эле студенттер жазык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты.

Андан соң, Самар Ниязалиев студенттерге  Кыргыз Республикасынын сот тутуму, сот адилеттигинин негиздери, биринчи инстанция сотторунун иштөө  тартибинин өзгөчөлүктөрү жана ошондой эле сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып берди. «Кыргызстанда сот реформасы жүргүзүлүп жатканына бир нече жылдын жүзү болду.Анын  негизги максаты болуп, көз карандысыз, жетиштүү жана натыйжалуу адилеттүүлүктү куруп, сот иштерин жүргүзүү саналат.”- деп белгилей кетти судья  сөзүндө. Балдар Фемида өкүлүн чоң кызыгуу менен угуп отурушту.

Тема боюнча кызыктуу суроолоду узаткан эң  активдүү студенттерге соттун төрагасы Самар Ниязалиев юридикалык адабияттарды белекке тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: