Menu

Алматыда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Алматыдагы Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан жардыруучу зат табылган жок. Жалган маалымат тараткан 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер департаментинен кабарлашты.

19-декабрда департаментке белгисиз киши телефон чалып, Төле би менен Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңселердин бирине бомба коюлганын кабарлаган. Имарат курчоого алынып, жардыруучу затты издөө иштери жүргөн.

Казакстанда буга чейин бомба коюлганы тууралуу телефон чалуу окуялары бир нече жолу болгон. Бул маалыматтардын басымдуу бөлүгү калп болуп чыгат. Казакстанда терроризм актысы тууралуу жалган кабар тараткан киши кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: