Бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабанов бийликтин НТС телеканалын тартып алуу аракеттери боюнча өз пикирин Инстаграмм социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди:
“Урматтуу Кыргызстандыктарым,
Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык – куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат – көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ