Menu

“КРдин 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды эске алуу менен, кирешелер боюнча 115 775,8 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 136 712,4 млн сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 20 936,6 млн сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: