Menu

Сооронбай Жээнбековдун президенттикке келгенден берки биринчи жеңилиши: саткындарды колдосо келечеги жакшы болбойт го…

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодо көпчүлүк шайлоочу калк Сооронбай Жээнбековго эмне үчүн добушун берди эле? Сокенин мурда-кийин коррупцияга аралашпаганы, түз жүргөнү, өлкөнү сызга олтургузган жемкорлор, саясаттагы саткын, алдар көсөлөрдү ордуна коюуга эрки жетерин айтканы үчүн шайлабадык беле. Дал ошондуктан, президенттин биринчи кадамдары кандай болорун коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Кошуна өлкөлөр менен мамилени чыңдап жатканы жакшы жышаана дечи, бирок, ички саясатка байланыштуу айрым анын кадамдары адамды  иренжиткенден башкага жараган жок.

Андан Ак үйдү айланчыктап жүргөн кадрлардан арыларына көпчүлүк ишенген. Бирок, учурунда Акаев, Бакиев, Атамбаевди элге жаман көрсөтүүгө салым кошкон адамдар кетпей эле, кайрадан зоболосу көтөрүлө баштады. Кур дегенде Икрам Илмияновго окшогон адамдарды укпай, өз алдынча саясат жүргүзөрүнө ишеним чоң эле. Тилекке каршы, ушу тапта Соке кечээ аны женишке жетелеп алып келгендерди талаага калтырып, коомчулуктун итиркейин келтиргендерди тегерегине чогулта баштады. Же Соке эксперттер айткандай, Атамбаевдин ишин кылган эле ажо  болобу? Буга окшогон саясаттагы интриганын аталарын ээрчип олтурса, аягы кандай болот экен? Биз Сокенин  биринчи кетирген катачылыгын, анын айынан келе элек жатып утулууга аргасыз болгонун келечекте ага сабак болушу үчүн жазып коюуну чечтик. Кечээ Жогорку Кеӊеште убактылуу бош турган спикердин орун басарын депутаттар бекитишти. 61 добуш менен бул орунга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Мирлан Бакиров келди. Сокенин башкы оппоненти Өмүрбек Бабановго кошулуп, утуп келишсе премьер-министр болуп келүүнү кыялданган “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев үчүн бул чоң утуш. Бирок, Соке табиятынан түз жүргөн адамды колдогондо, мындай көрүнүш жүз бермек эмес.

Биздин маалымат боюнча, расмий Ак үй вицеликке саткын депутат Талант Мамытовду олтургузууну көздөгөн. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, “шоопур” Икрамжан Илмиянов президенттин ар жак, бер жагынан чыгып жатып, Таланттын талапкерлигин жактырып чыгышкан. Саясий чөйрөдө Талант Мамытовду  саткындыгы үчүн жаман көрүшөт. Бул бала саясаттагы устатын кантип сатып кеткенин айтпасак да,  маалыматыңыздар бар чыгар. Бирок, көп өтпөй, башына оор иш түшкөндө Бабановду да сатып, “шоопурлар” менен ынтымакташып кеткен. Депутаттар добуш берерде мындай алдар көсөдөн көрө, эч бир интригага аралашпаган Мирлан Бакировду өйдө койгондугу да ошондон. Парламент ошентип Сокенин саткындарды колдогон саясатына татыктуу жооп кайтарды. Биринчи ирет утулууга дуушар болгон Сооронбай Жээнбеков ошондуктан, сак болуп, саткындардан алыс жүрүшү зарыл. Андан көрө, кечээ анын женишин камсыздаган инсандарды тартпайбы? Мисалы, эгер айтылуу “Райым-миллион” Райымбек Матраимов сыяктуу азаматтар болбогондо Жээнбеков президент боло алат беле? Жада калса, Сокени чын дилинен колдоп чуркаган Райымды кызматынан кууп чыкканда да аны коргоого алганга жараган жок. Деги, сиз кайсыл жол менен баратасыз, Сооронбай Шарипович!

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: