Menu

НТСти ооздуктоо – сөз эркиндигине урулган чоң сокку

Бөлүшүү:

Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды акыйкат чагылдырып келе жаткан телеканалдардын бири – НТС. Жаңы бийлик да эскинин жолуна түштү. Эгер булар НТСти жапса, сөз зркиндиги чоң соккуга кабылат. Азырынча, “Азатытктагы” кесиптештердин билдирүүсүн жарыялайбыз. Сөз алдыда…

Журналист Азият Жекшеев 19-декабрда кечке жуук сот аткаруучулар барган учурдагы видеону интернетке жүктөдү. Тасмада күч кызматкерлерин да көрүүгө болот. Ошондой эле канал кызматкери Каныбек Асанкары уулу НТСтин ишмердигин токтотуп, мүлкүн камакка алуу тууралуу жазылган кагазды окуду.

НТС каналынын кызматкерлери мекемени камакка алуу аракети болуп жаткандыктан юрист чакырышканы маалым болду.

Азырынча, сот аткаруучулар кандай көрсөтмөнүн негизинде барышканы маалым эмес. Жогорку Соттун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы боюнча тактап, маалымат берилерин билдирди.

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматтары мындан кабарсыз экенин айтышты.

Бул тууралуу каналдын журналисти Азият Жекшеев билдирди. “Азаттыктын” кабарчысы НТСтин имаратына барды. Бирок милиция ичкери кирүүгө уруксат бербей жатканын кабарлады.

НТС каналы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып жүрөт. Юстиция ми­нистрлигинин сайтында канал­дын ЖЧК катары катталганын көрүүгө болот.

Буга чейин каналга таандык «Санжыра» радиосу эфирин токтоткон. Ага радионун лицензиясы узартылбаганы себеп экени белгилүү болгон.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Баба­новго каршы кылмыш ишин козгогон.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: