Ош облусунун Араван районунда 8-класстын окуучусу өз короосундагы машинаны артка чегинип айдап бара жатканда, байкабастан 1 жаш алты айлык кызды сүзүп алган. Кыз алган жаратынан улам ооруканада көз жумду. Бул туурасында Ош ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, саат 16:00 дө болгон, кыз болсо бүгүн эртең менен ооруканадан жан берген. Каза болгон кыз 13 жаштагы унааны айдап чыккан баланын кошунасынын кызы болгон. Унааны артка айдап чыгып бара жаткан бала артында турган кызды байкабай сүзүп кеткен.
Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголо элек, тергөө иштери жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ