Menu

БУУнун Башкы ассамблеясы Крым боюнча жаңыланган резолюцияны жактырды

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусия тараптан аннексияланган Крымда адам укуктарын сактоонун абалы тууралуу жаңыланган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу «Твиттер» аркылуу БУУнун Украина миссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, резолюцияга 70 өлкө “макул”, 26 өлкө “каршы” добуш берсе, 76сы добуш берүүдөн карманышкан.

Резолюцияда адам укуктарынын бузулушу, ошондой эле Орусиянын өз мыйзамдарын, юрисдикциясын жана башкаруусун» Крымда мыйзамсыз орноткондугу айыпталды. Документте Орусия «оккупациялаган держава» деп аталып, Крымдын аннексиясы таанылбай турганы жазылган.

Резолюцияда Орусияга карата тез арада Крымдагы бардык укук бузууларды жана адамдарды кемсинтүүнү токтотуу, ошондой эле «басмырлоочу мыйзамдарды жоюу» чакырыктары жазылган. Андан тышкары документте жарым аралда Украина жарандарынын укуктары менен эркиндигин калыбына келтирүү, крымдык татарлардын межлисин экстремисттик уюм деп таануу чечимин жокко чыгаруу жана Крымда БУУнун адам укуктары боюнча мониторинг миссиясынын иштешин камсыздоо боюнча БУУнун эл аралык сотунун утурумдук чечимин аткаруу талабы коюлган.

Украина ТИМ башчысы Павел Климкин резолюцияны кабыл алуу «эң оор жараяндардын бири» деп атады. Ал Орусияга басым күчөгөнүн айтып, документти колдогон өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Сентябрдын соңунда БУУ жаңы баяндамасын сунуштаган. Анда Орусия тараптан аннексияланган Крымда адам укуктары сактоо начарлап кеткени белгиленген. Мыйзам бузуулар катары адамдардын жоголушу, негизсиз камакка алуулар, кыйноолор жана мыйзамсыз депортация кылуу учурлары көрсөтүлгөн. Эксперттер Орусия бийлигинин аракеттеринен баарынан да крымдык татарлар көп жабыркаганын белгилешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: