Menu

Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Мамлекет башчынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Бүгүн биз мамлекеттин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшкө жана эгемендикке  мыйзамсыз кол салуулардан коргогондорго, Кыргыз Республикасынын  территориалдык бүтүндүгүн камсыз кылгандарга урмат-сый көрсөтүп жатабыз.

Учурда өлкөдө жана дүйнөдө  татаал, укмуштуудай тездик менен өзгөргөн кырдаалда, коомубуз жаңы глобалдуу коркунучтар менен чакырыктарга туш келип жаткан шарттарда мамлекеттин негиздерин бекемдөөдө,  мекендештерибиздин коопсуздугун камсыз кылууда, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга каршы  күрөштө сиздер олуттуу салым кошуп жатасыздар.

Сиздердин ишиңиздер өзгөчө жеке сапаттарды, өз өлкөсүнө, ишинин актыгына, мамлекеттин кызыкчылыктары баарынан бийик экендигине терең ишенимди талап кылат.

Бул күнү улуттук коопсуздук  органдардын ардагерлери өзгөчө сый-урматка татыктуу. Кадырлуу ардагерлер, сиздер эрдиктин, чыныгы мекенчилдиктин жана жарандык жоопкерчиликтин үлгүсү болуп калдыңыздар. Ал эми сиздердин тажрыйба жана акылмандык жаштарга дем берип келет.

Тилекке каршы аймагыбызда коомубуздун жана мамлекеттин тынчтыгына шек келтирчү коркунучтар али бар. Терроризм жана диний экстремизм, коррупция жана баңги трафик мурдагыдай эле улуттук  коопсуздукка  түздөн-түз  коркунуч келтирүүдө.

Биз мамлекеттик чек араны  бекемдеп, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирүү мүмкүнчүлүктөрүн жараткан себептерди жоюуга милдеттүүбүз. Терроризмге, экстремизмге жана коррупцияга каршы күрөштү улантуу абдан маанилүү.

Сиздердин ишиңиздерге берилгендик жана кесипкөйлүк мындан ары дагы жарандарыбыздын бейпилдигинин кепилдиги катары кызмат өтөп, ал эми шайма-шай аракетиңиздердин натыйжалуулугу Кыргызстандын улуттук коопсуздук системасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем.

Сиздерге чың ден-соолук, келечекке ишеним, бакубатчылык жана   сүйүктүү Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн татаал  кызматыңыздарда ийгиликтерди каалайм.”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: