Экс-президент К.Бакиев жана анын бир туугандарынын түгөнбөгөн дүнүйө-мүлкү дале болсо бөлүштүрүлүп бүтө элек. Баарынан кызыгы, 2010- жылы бийликти колго алган Убактылуу өкмөт тарабынан “Бакиевдердин байлыгы улутташтырылсын” деген декларация иш жүзүндө күчүн жоготуп, “ууруну каракчы тоногондой”, азыркы бийликтегилер тарабынан итбекер менчиктештирилип же сатып алынууда. Өткөндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 1 га. жакын участокту “мурдагы ээсине бергиле” деген буйрук бере коём деп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Сарпашев кызматынан кол жууп, аз жерден камалып кете жаздады. Экс- ханзаада М.Бакиевдин “Ала-Арча” резиденциясына жакын жерге жайгашкан 12,4 гектарга салынган 48 коттедж же мамлекеттин карамагына өтпөй, же өз баасына сатылбай келет. Көрсө, азыркы бийликтин бул амалы коомчулуктун эсинен чыгарып, жакын адамдары аркылуу өздөрү алууну көздөп жүрүшкөн экен. Анткени бул мүлктүн сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Э.Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы С.Исаковдун жакындары аралашканын да жазган болчу. Андан соң премьер-министр чуулгандуу “Идеал хаус” шаарчасына байланышын четке кагып, мындай маалыматты укканда “шок” болгондугун билдирген. Сыягы, ал бир тууган агасы менен классташы бул коттедждерди Мүлк фонду аркылуу дүңүнөн болгону 142 млн. сомго сатып алышкандыгына “шок” болсо керек. Себеби аталган коттедждердин сатылышы тууралуу эч кандай ачык маалымат берилбей, жабык-жашыруун соодалашкан. Эми “кыңыр иши” билинген соң “жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ