Баткен облустук мусулмандар казыятынын катчылык, кадрлар жана маалымат бөлүм башчысы Авлиёев Фуркат тарабынан Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучуларын адептүүлүккө чакырган жолугушуу иш чарасы болуп өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Жолгушууда Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов “Ыйман” тууралуу окуучуларга маалымат берип, алардын терең билм алууга чакырды. Ал эми облустук казыяттын катчылык, кадрлар жана маалымат бөлүм башчысы Авлиёев Фуркат окуучуларды бардык шарттар түзүлүп турган чакта, жаш кезинде окуп, илим-билим алуу керек экендигин эскертип, куштун кош канаты сыяктанган адеп ахлак менен илимди бирдей үйрөнүүгө жана ата-энени сыйлоого чакырды.
Эске салсак ушундай иш-чаралар “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Баткен облусунун аймагындагы окуу жайларда, мектептерде өткөрүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ