Өзбек-казак чек арасындагы «Гишткуприк» (мурдагы «Черняевка») өткөрмө бекетинде адамдардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу өз булактар кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жаңы жылга даярдык көргөн миңдеген өзбекстандыктар коңшу Казакстандын базарларына барууга аракет кылышууда. Анда азык-түлүк баалары Ташкенттеги жана Ташкент облусундагы базарларга караганда 30-40 пайызга арзан.
“Эгер чек арага эртең менен саат 7де келсеңер, Казакстанга күндүн экинчи жарымында гана өтүүгө мүмкүн болууда. Адамдар 5-6 саат кезек күтүп турууга аргасыз болушууда. Айрыкча улгайган адамдарга, аялдарга жана балдарга кыйын болуп жатат”, – деп билдирди кезекте турган жарандардын бири.
19-декабрда «Гишткуприк» өткөрмө бекетине барып келген ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов кезек күткөрдөрдүн көптүгүнөн улам чек арадан өтө албай артка кайтканын билдирди.
Менин эсебим боюнча кезек күткөндөрдүн саны 2 миңге жетет. Ошол эле маалда мүнөт сайын жаңы адамдар да келип жатышты. Мен андагылардан сурасам чек арадан кечинде гана өтө аларымды айтышты. Ал үчүн мен түртүшкөн адамдардын арасында 5-6 саат турушум керек болчу, – деди ал.
Өзбекстандыктардын айтымдарында, Ташкенттин жана Ташкент облусунун жашоочуларынын көбү азык-түлүк сатып алуу үчүн коңшу Казакстанга барышат. Алар мындай көрүнүш акыркы убактарда күчөгөнүн белгилешүүдө.
Декабрдын башында ММКлар Өзбекстан менен Казакстан 2018-2019-жылдары чек арадагы адам көп өткөн өткөрмө бекеттерди реконструкциялап, кеңейтүүнү макулдашканын кабарлашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ