Menu

НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштады

Бөлүшүү:

НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди.

Кечээ түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.

– Мүлктү камакка алуу жараяны бүткөн соң аны сактоо милдетин кимге өткөрүп берүү – сот аткаруучулардын укугу. Эгер бизге берсе, андан ары иштей берсек болот. Бирок азырынча кимге берилери айтыла элек. Башкаларга өткөрсө, мүлктү биз колдоно албайбыз. Процедура бүтсө, телеканал жабылып калышы мүмкүн, – деди юрист.

19-декабрда НТС телеканалынын имаратына сот аткаруучулар келип, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылышканын телеканалдын кызматкерлери билдиришкен.

Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшкөн соң 20-декабрда саат 11ге чейин соттук аныктама менен таанышып чыгууга уруксат алган.

Бишкектеги район аралык соттун аныктамасында «Grexton capital LTD» компаниясы менен “Аянт” ишканасы доогер тарап, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн.

НТСтин кызматкерлери телеканалдын эфири токтой элек экенин, азырынча окуянын кандай өңүттө өнүгөрүн билбей турганын белгилешүүдө.

Бул телеканал саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылат. Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал президенттикке талапкерлигин коюп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон эле.

Юрист Амантур Абдырахмановдун айтымында, НТС каналында 100дөн ашуун кызматкер иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: