Menu

Түркмөнстан бийлиги жыл сайын элди жаны жылдык иш-чараларга элди мажбурлап катыштырууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы жылдык майрамдарды «жогорку деңгээлде» өткөрүү боюнча чараларды көрүү тууралуу буйругунан кийин Ашхабаддын мектептеринде балаты майрамына катышууга милдеттүү окуучулардын тизмелери түзүлө баштады.

Ошол эле маалда башталгыч класстардын окуучуларын балаты майрамына коштоп бара турган мугалимдер да тандалууда. «Жыл сайын иш-чараларга мажбурлап катыштыруу — майрамдык маанайдын баарын бузуп салат. Майрамдарды үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге белгилөөнүн ордуна, суукта көчөдөгү иш-чараларга барууга туура келет», – деди шаардагы мугалимдердин бири.

Анын айтымында, майрамдын алдында өлкө базарларында азык-түлүктүн дээрлик бардык түрү кымбаттаса, ун, шекер жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктар таптакыр эле сатыкта жок болууда.

Жакында эле мамлекет башчы жаңы жылдык майрамдарга карата расмий түрдө «азык-түлүктүн көп болушун камсыздоо» талабын койгон. Андан кийин Ашхабаддын базарларында айрым жетишсиз товарлар пайда болуп, арзаныраак баада, бирок чектелген санда гана сатыла баштаган. Алсак, учурда соода жайларында базардагыдан эки эсе арзан баада газдалган суусундуктар сатылууда. Бирок алар бир адамга эки бөтөлкөдөн ашык сатылбайт. Ошондой эле кош баалар дагы байкалууда. Мисалы, килограммы 18 манат (5 долларга жакын) деп көрсөтүлгөн эт чынында 22 манаттан сатылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, кымбатчылыктан улам жашоочулардын көбү адаттагы тамак-аш өлчөмдөрүн азайтууга мажбур болушууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: