Menu

«Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмеси толукталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 20-декабрда өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңештин кезектеги жыйынында «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагындагы артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмесин толуктоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы эскерткендей, Кеңештин алгачкы жыйынында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында аныкталган «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмеси жактырылган.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкарууга тез өтүүсү үчүн «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу алкагында тизмеге 15 артыкчылыктуу долбоорду 2018-жылы ишке ашыру үчүн кошумча киргизүү сунушталууда.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн тейлөө сапатын жакшыртуу, убакыт жана финансылык чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча шарттарды камсыздоо үчүн кыймылсыз мүлккө документтерди каттоого жана тариздөөгө он-лайн арыз берүүнү киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары, медициналык мекемелердин ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу, бейтаптардын электрондук реестрин түзүү максатында КР Улуттук онкология жана гематология борборунда бейтаптарды тейлөө процессин автоматташтыруу сунушталууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы маалыматтык-коммуникациялык инфраструктура обьектилеринин жана ИТ ресурстардын реестрин түзүү үчүн «Ордо» каталогу иштелип чыгат.

Виртуалдык валюталарга көзөмөл орнотуу, анын ичинде акчанын изин жашыруу жана мыйзамсыз чыгарылышын жоюу үчүн Интернет тармагында санап чыгуу ресурстар тейлөөсүн көрсөтүү боюнча технологияларды легалдаштыруу сунушталууда.

Бишкек шаарынын коомдук жана жеке долбоорлору үчүн коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү стандарттарын аныктоо үчүн «Шаардын бирдиктүү өңү» долбоорун киргизүү каралууда. Бишкек шаарынын вице-мэри  Эркинбек Исаков маалымдагандай, бул багытта Россия Федерациясынны алдыңкы долбоордук институттарынын бири – Россия маамлекеттик илимий-иликтөө жана урбанистика долоордук институту менен биргелешкен иш алынып барылууда.

Ошондой эле окуу процессине санарпитик технологияларды киргизүү жана мектептердин Интернетке жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле компьютердик, мультимедиялык жана башка тармактык инфраструктура менен камсыздоо максатында «Акылдуу мектеп» пилоттук долбоорун өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын ишин автоматташтыруу пландаштырылууда.

Буга катар Нурбек Абасканов маалымдагандай, мал жандыктарды идентификациялоо жана ыйгарым укуктуу органдар менен товарларды жана мал жандыктарды идентификациялоо, паспорттоштуруу жана алардын жылуусуна көзөмөлдүк кылууну камсыздоо боюнча маалыматтык өз-ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн функцияларды бөлүштүрүү максатында «Бирдиктүү терезе борбору» МИ базасында Идентификациялоо борборун түзүү каралууда.

Ошондой эле уюлдук жабдыктарды паспорттоштуруу, каттоого алуу жана жылышын көзөмөлгө алууну ишке ашырууга мүмкүндүк берген идентификациялоо тутумун түзүү үчүн уюлдук жабдыктарды идентификациялоонун мамлекеттик тутумун түзүү каралууда.

Өлкөнүн жарандарынын, ишкана-уюмдарынын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мейкиндик маалыматтарынын мамлекеттик жана аймактык ресурстарына эркин жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу мейкиндик маалыматтар инфраструктурасын түзүү үчүн мыйзамдык базаны түзүү максатында Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүүнүн ченемдик базасын калыптандыруу каралууда.

Мамлекеттик булут платформасынын инфраструктурасын калыптандыруу боюнча мыйзамдык базаны түзүү үчүн мамлекеттик органдарга “булут сактагычка” жеткиликтүүлүктү камсыздоочу “мамлекеттик булут платформасын” куруу үчүн ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу сунушталууда.

Мындан тышкары, электрондук башкарууну киргизүү үчүн укуктук шарттарды түзүү үчүн ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле персоналдык маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү үчүн укуктук негизди иштеп  чыгуу сунушталууда.

Ошондой эле маалыматтарды санарпитештирүү жана документтердин электрондук архивин түзүү максатында борборду түзүү үчүн мамлекеттик органдардын архивдик документтерин массалык сканерлөөнү жүргүзүү сунушталууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча «Таза Коом» улуттук долбоорунун алкагындагы 2018-жылы ишке ашырылчу артыкчылыктуу маалыматтык-коммуникациялык долбоорлордун тизмесин жактыруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: