Menu

Кыйноолорго каршы коалиция тажик КВН командасынын жетекчисин коргоп чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстанда Кыйноолорго каршы жарандык коом коалициясы көз карандысыз журналист жана КВН командасынын жетекчиси Хайрулло Мирсаидовдун кармалышына байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюмдун 20-декабрдагы билдирүүсүндө айтылат.

«5-декабрда Хайрулло Мирсаидовду маектешүү үчүн деп Согди облустук прокуратурасына чакырышып, ошол эле күнү кармашкан. 8-декабрда прокуратура тарабынан «Ишенип берилген акчаны коротуу же өзүнө алуу», «Расалык, жердештик жана диний кастыкты козутуу», «Документтерди, мөөр, штамптарды жасалмалоо» жана «Жалган билдирүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Сот ошол эле күнү ага карата камакка алуу баш коргоо чарасын аныктаган», – деп белгиленген уюмдун билдирүүсүндө.

Коалиция Тажикстан бийлигин Хайрулло Мирсаидовдун иши боюнча кылдат жана объективдүү тергөө жүргүзүүгө, анын адвокат менен эч тоскоолдуксуз жолугушуусун камсыздоого жана журналисттин 8-ноябрдагы билдирүүсү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Андан тышкары укук коргоочулар бийлик улуттук жана эл аралык нормаларды сактап, сын үчүн журналисттерди куугунтуктоо тажрыйбасынан арылышы керектигин белгилешти.

Бир канча күн мурда Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) Тажикстан бийлигин Хайрулло Мирсаидовду тез арада бошотууга үндөгөн. Уюм ага тагылган айыптарды ойдон чыгарылган деп эсептейт.

Мирсаидов буга чейин жергиликтүү бийлик аны КВН командасы үчүн бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланууга айыптап, алардын ортосунда жаңжал болуп жатканын кабарлаган. “Мен 8-ноябрда президент Рахмонго, баш прокурорго жана Согди облусунун башчысына кайрылып, жергиликтүү аткаминерлердин күнөөсүнөн улам команда туш болгон көйгөлөр тууралуу билдирүүгө аргасыз болдум”, – деген ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: