Menu

ЕАЭБ органдарындагы төрагалык кылуу 2018-жылы Россияга өтөт

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык биримдиктеги (ЕАЭБ) төрагалык кылуу 2018-жылы Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразиялык экономикалык коммиссиянын кеңешинин төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 20-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин видеоконференция-байланыш режиминде өткөн кезектеги жыйынында билдиргенин жарыялады өкмөттүн расмий сайты.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө бардык мүчө өлкөлөр тарабынан ЕАЭБ Келишимдеринин негиз салуучу эрежелеринин сакталышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетти, атап айтканда: өз ара пайдалуу кызматташтыкты, тең укуктуулукту камсыз кылуу жана Тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу, рынок экономикасынын принциптерин жана таза атандаштыкты сактоо, Биримдиктин чектөөсүз жана алып салууларсыз иштөөсүн камсыз кылуу.
«Ушул эрежелердин арты менен улуттук экономикаларыбыздын атаандаштыгын камсыз кылууга жардам берген синергетикалык натыйжага жетүүгө болот», – деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасы Биримдиктеги өзүнүн өнөктөштөрү менен ачык диалог курууга жана биздин калктын бакубатчылык деңгээлин көтөрүү кызыкчылыгы үчүн мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүү максатында Евразилык экономикалык интеграциянын алкагында жаны багыттарды издөөгө даяр экенине көнүл бурду.

«Кийинки иштердин башкы максаттарынын бири катары биз Биримдик ичиндеги интеграциялык процесстердин комплекстүү жана эриш-аркак чечилишин көрүп жатабыз. Россия Федерациясы өзүнүн төрагалыгы алкагында бул багыттагы иштерди улантат деп ишенебиз», – деп Россия Федерациясына ЕАЭБ орагандарындагы ишине ийгиликтерди каалап, Толкунбек Абдыгулов сөзүн жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык, бул органдарындагы төрагалык кылуу кызматы боюнча орус алфавитинин ирээтинде жыл сайын пландык ротация жүрөт. Өтүп жаткан 2017 жылы бардык түзүмдөрүндө Кыргыз Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылды. 2018-жылы белгиленген функциялар Росссия Федерациясына өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: