Сапар Исаковдун «жаш бөлтүрүктөр» командасынын «аппетити»укмуш экен! Бул жагынан алар качып кетишкен «карт бөрүлөрдөн» да кем калышпайбы? «Мегакомду» арзанга сатса, «Манас» аэропортун башкарууну 26 жылга түрктөргө берсе, анан «Кумтөрдүн акцияларын кантип кымбатыраак пулдайбыз» деп ойлонуп жатышат.
Бирок, алардын бир көйгөйү бар. Сапар Исаковдун өкмөтү чек арадагы маселени чечиш үчүн Казакстан менен кол койгон «Жол картасы» боюнча бардык маселелерди чечүүгө тийиш. Бул үчүн Кулматов башында турган бажыканадагы коррупцияга каршы реалдуу иш талап кылынат. Экспортко чыкчу товарлардын сапатын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жогорулатыш керек болот. Бул «балдар өкмөтүнүн» колунан келбей турган оор жумуш. Депутаттар жазга чейин күтүшүп, андан соң Кыргызстандын байлыктарын сатуу боюнча эмес, өндүрүштү жана экспортту көбөйтүү боюнча отчетту жана раеалдуу натыйжаларды талап кылышат. Ошондо «Таза коом» деп аталган кагаз программалардын арзан пиары жардам бере албай калат. Айтор, жазга чейин күтө туралы…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ