Menu

Хан жана жакын вазир Икрамжандын алтын доору…

Бөлүшүү:

Биринчи чабалекей учуп келди… Бабанов шайлоодо утулган соң, эми анын мүлктөрү бийликтин карамагына өтүүгө тийишпи? НТС телеканалын соттордун колу аркылуу тартып алышууда. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин НТСти Максим Бакиевден алып, Бабановго беришкеничи? Эми 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча НТСти Бабановдон алып, кайра жеңүүчү тараптар өздөрүнө алышууда. Браво!

Эми сотторго жана прокурорлорго жакын жүргөн билерман кишилер кезек «Азия молл» соода комплексине жеткенин ачык эле айтышууда. Анткени, Атамбаев телевизордон «кол баласы» Кулматов жетектеген Кыргыз-орус фондусунан Бабановго 17 млн. доллар кредитти 15 жылга төрт пайыз менен алууга жардам бергенин айтпады беле? Баса, депутаттар Кыргыз-орус фондусунан кредитти соодага эмес, өндүрүш үчүн гана алууга уруксат берген мыйзам кабыл алышканын билесиңерби?.. Ошого катар Бабановдун аялына соода комплексин куруу үчүн бийликтин жарыгы тийгенин укканбыз, себеби, эки мыктынын үй-бүлөсү карым-катышта жүргөнүн өздөрү жарыялап жиберишкен. Ушундан улам суроо туулат: балким, улуу саясый шахматист Атамбаев мырза Бабанов шайлоодон кийин качып кетерин, «Азия молл» соода үйү эртеби-кечпи мамлекеттин карамагына өтөрүн билгенби?..

Айтор, хан менен анын жакын вазири Икрамжан Илмиянов үчүн алтын доор уланууда. Бул бактылуу эки адам эми ар кандай маселени мамлекеттик резиденциядан чыкпай эле телефон аркылуу чече алышат. «Балапан» Сапар Исаковго Манастын урпагы Икрам­жан телефон чалып, каалаган тапшырмасын бере алат да, туурабы? Хан жана Манастын урпагы, гениалдуу башчылар үчүн алтын доор келди: «балапандардын» баары алардын тегерегинде чуркап жүрүшөт. Кыргыз элинин бактысы ушул эмеспи? Жаңы президентти шайлап жатканда кыргыз эли жыргал заманга умтулган да э?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: