Menu

Кулматовдун кызматтан кызматка секирип, кутуруп жүргөнүнүн сырын билесиңерби?

Бөлүшүү:

Тагдырдын эрке талтаңындай эле бийликтин улам бир бийигинде талтаңдаган Кубанычбек Кулматов калаа башчысы кезинде эле эрке талтаңдыгын көргөзүп, таптакыр иштей албай же иштегиси келбей койгонун кантип унутабыз?

Мэр кезинде тоң моюнданып шаардыктардын оюн укканды мындай кой, шаардык кеңештин депутаттарынын сынын дагы тоготпой коомчулук арасында нараазычылыктарды жаратпады беле. Кезегинде жарытылуу иш жасай албаган Кулматовго ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев дагы жакшы эле «Иштей албасаң башка жумуш караштыр»-деп катуу эскерткендей болду эле, дээринде жок немеге сүйлөсөң деле сүйлөбөсөң деле бир тыйын дегендей, Кулма­тов бул сөздү кулагынын сыртынан кетирип койгон. Кызыгы, так ушул Кулматов жаңы шаар башчылыгына дайындалып жатканда «шаардагы көйгөлөрдүн чечилбей жатканы акчанын жетишпей жатканынан эмес, башкаруудан болуп жатат» дегенин аргасыздан эстеп баш чайкайсың. Анан эле Кулматов шаар башчылыгынан кетип, майкөл-сүткөл болгон Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун басып жыгылды. Мына ошондо билдик, айрымдар ар таңда кечке жете тургудай нанга акча табуунун түйшүгү менен алектенишсе айрымдар акчаны сапырып, айлыкты мил­лион сомдон ашуун алып жаткан өлкө бул Кыргызстан экенин. Факты керекпи, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы кезинде Кулматов Жогорку Кеңештин жыйынына катышып жатып, депутаттардын «Канча айлык аласыз?» деген суроосуна, «биздин айлыгыбыз коммерческий тайна»-деп боорду эзген. Арийне, Кулматов ал жерден айына 15 миң доллар айлык алаары коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Эми болсо Улуттук банкка минди. Бул эргул жалаң акча сапырылган жерлерден куйругун эле култуңдатат? Деги Кулматов Кудайдын сүйгүнчүгү болуу үчүн гана жаралганбы? Мына ушу тапта Бажы тармагын тескеп олтурат. Бирок, аталган тармакта коррупция деген кокого жетип, ал жердегилер бири-бирине алтындан шах­мат тартуулап атышканы айтылууда. Ал эми коомчулукта элдер көмүр ала албай, балдары мектепке барганга батинке алпере албай олтурушат. Кулматов болсо улам куйругун бултуңдатып миллиондоп айлык алууда.

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: