Menu

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына шайланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Толкунбек Абдыгулов бир добуштан Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Депутат Улан Примов айтмакчы, «ат айланып казыгын тапты». Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Эске салсак, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 11-декабрында Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалган.

Өлкөнүн каржы саясатын жакшы билерин, буга чейин бул кызмат ордунда кыйла ийгиликтүү иш алпарганын белгилеген бир катар депутаттар андан эмне үчүн өкмөткө кетип калып, эми кайра келип жатканын сурашты. Толкунбек Абдыгулов мамлекеттик кызмат адамы болгондуктан сунушталган жумушка барып иштегенин, эми Президент кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына сунуштаганын билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Асел Кодуранова жалпы депутаттардын атынан Толкунбек Абдыгуловду жаӊы жооптуу кызматка дайындалып жатышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Талапкер депутаттарга ыраазычылык билдирип, алардын ишенимин актоого убада берди.

Белгилей кетсек, Толкунбек Абдыгулов 1976-жылы Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетин «эл аралык экономикалык мамилелер» адистиги, 1999-жылы Кыргыз эл аралык университетин «банк иштери» адистиги, 2005-жылы Нагойи университетин (Жапония) «экономиканы өнүктүрүү» адистиги, 2007-жылы Түндүк Техас (АКШ) университетин «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Ал эмгек жолун Улуттук банкта баштап, андан соӊ КР Президентинин аппаратында, КР Өкмөтүнүн аппаратында иштеген. Ал эми 2014-жылдан тарта 2017-жылдын 25-августуна чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Андан кийин биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: