Menu

Эмне үчүн эки өлкөнүн ортосундагы алака бүдөмүк болууда?.. Мирзиёевдин сыйкырына баракелде!

Бөлүшүү:

«Кошуна мамлекеттер менен теңата сүйлөшүп калдык» деген кошоматчылар четтен чыгып атпайбы… А неге анда Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга берилип атканда, кыргыз бийлиги улуттук кызыкчылыгыбызды көздөгөн шарттарды бетке кармай алган эмес? Талаштуу Үңкүр-Тоо боюнча бир пикирге келе алдыкпы? Ал эми чек ара маселеси кандай жагдайда чечилип атканы коомчулукка белгисиз бойдон калууда. Дээрлик Өзбекстандын аймагындагы кыргыз элине тиешелүү мүлктөр боюнча неге так маалыматтарды уга албайбыз? Кыргызстан коңшулардай жабык мамлекет эмес да, кандай гана көйгөйлөр болсо да ачык талкууланып, коомчулук баасын бериши шарт. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы көп маселелер бүдөмүк бойдон калууда. Талуу суроолор өтө көп. Сыягы, Шавкат Мирзиёев жылмайып күлүп, жайкап сүйлөп, «жайлап» кеткен жокпу? Сыйкырчыдай эле элес берүүдө, таңгаласың, бир эсе баш чайкап. Эртеби-кечпи эки тараптуу мамилелердин утушу кайсы тарапта болгону ачыкталат. Күтө туралы. Баса, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин эле берилип кеткени айтылууда…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: