Menu

Айылдарда катталган айыл чарба кооперативдерине артыкчылык берилет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга) 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

3-окуудагы мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору көрсөтүлгөн.

Тагыраак айтканда, КР Жер кодексинин 30-беренесинде Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айылдык аймактын аймагында жашаган үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн 0,10 га-дан аз жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган КР жарандары жана ошол айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеген айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору такталган.

Ал эми «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинде айыл чарба багытындагы жер үлүштөрүн же участокторун сатууда сатылуучу жер үлүшүн, же участогун, сатып алууда, жалпы соода аркылуу сатуудан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын айыл тургундары жана айылдык аймактын аймагында катталган жана иштеген айыл чарба кооперативдери артыкчылык укуктарга ээ болушаары белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: