Таластын Манас районуна караштуу Покровка айылында окуучулардын массалык мушташуусунан бир өспүрүм каза болду. Жаңжал 15 жана 16 жаштагы балдардьш ортосунда чыккан.
Жергиликтүү 15 өспүрүм түндө айыл четиндеги талаага чыгып мушташкан. Анын кесепетинен 16 жаштагы бала башынан жаракат алган. Ал ошол күнү ооруканага жеткирилип, реанимацияга жаткырылган. Бирок эртеси каза болуп калган. Азырынча жаңжал эмнеден чыкканын тактаган тергөөнүн жыйынтыгы чыга элек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ