Кыргызстандагы жарандык активисттер соттун чечими менен ири доого жыгылган журналисттер үчүн акча чогулта баштады.
Нарын Айып, Дина Маслова жана «Адалет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова үчүн «Элсом» электрондук капчыгы аркылуу (0555-75-08-82) каражат топтоло баштады. «Коомдун көңүлүн ушул жагдайга буруу максатында ушундай демилге көтөрүп жатабыз. Анткени Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупова атуулдук коомдун кызыкчылыгын коргоп келген. Алар коргоого муктаж болгондо жалпы эл четте турбашы керек. Муну колдоп кетишет. Канча сумма топтолсо дагы, жабырлануучу тарапка алып барабыз» деп белгиледи жарандык активист Адил Турдукулов.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ