Menu

Кыргызстан Өзбекстанга 550 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттойт

Бөлүшүү:

Кыргызстан Өзбекстанга 550 миллион кВт/саат электр энергиясын жеткирүүгө ниеттенүүдө. Быйыл 5-октябрда Ташкентте кол коюлган келишимдин мөөнөтү 2018-жылдын мартында аяктайт.

15-декабрдан тарта Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Өзбек ММКлары билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 3,7 миллион кВт/саат электр кубаты жеткирилди жана анын суткалык көлөмү көбөйүүдө.

«Электр энергиясын Кыргызстандын Улуттук электр түйүнү жеткирүүдө. «Өзбекэнерго» акционердик коомунан билдиришкендей, бул Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык режимдер боюнча макулдашуулардын негизинде ишке ашууда.

Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн ортосунда оптималдуу энергетикалык иш режимин камсыздоого мүмкүндүк берген энергетикалык шакекче бар.

«Өзбекэнерго» акционердик коому мындан ары дагы КМШга мүчө өлкөлөрдөгү энергосистемалар менен кызматташууну бекемдөөнү, ошондой эле Сырдарья ЖЭБи сыяктуу бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: